

















Бишкекте бүгүн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер үчүн уюштурулган биринчи жаштар Дельфий оюндарынын алкагында конкурс иш-чаралары башталды.
«Сүрөтчүлүк кол өнөрчүлүк» номинациясынын расмий ачылышында Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм искусствалар музейинде Бишкек мэриясынын Маданият башкармалыгынын орун басары Абсамат Акунов жана Казакстан Республикасынын Улуттук Дельфий комитетинин директору Куралай Туспекова катышып, конкурсту биргеликте ачышты.
Эки күндүн ичинде катышуучулар «Сүрөтчүлүк кол өнөрчүлүк» тармагында өз өнөрлөрүн көрсөтүп, атаандаштыкка түшүшөт.
Бул категорияда жаш чеберлер улуттук чыгармачылыктын ар түрдүү буюмдарын: шырдак, ала кийиз, тигүү, керамика, териден жасалган буюмдар, жыгачка оюу жана зергерчилик өнөрүн көрсөтүшөт.
Конкурстар сегиз багытта өтөт: фортепиано, сүрөт искусствосу, элдик жана эстрадалык вокалдык искусство, элдик бийлер, диджейинг, элдик аспаптарда аткаруу жана декоративдик-колдонмо чыгармачылык.