









Жаштар театры «Тунгучта» бүгүн «Эстрадалык ырдоо» тармагында жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанаты өттү, бул Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөр арасында өткөн биринчи Дельфий оюндардын бир бөлүгү болуп калды.
Шаардык мэриянын өкүлүнүн маалыматы боюнча, конкурска 10 жаштан 25 жашка чейинки ырчылар катышып, жогорку вокалдык чеберчилигин жана чыгармачылык индивидуалдуулугун көрсөтүштү. Бардык жеңүүчүлөр дипломдор жана ар кандай даражадагы медалдар: бронза, күмүш жана алтын медалдар менен сыйланды.
Сыйлоо аземине Бишкек шаарынын Маданият башкармалыгынын начальниги Урмат Белекбаев жана калыстар тобунун мүчөлөрү катышты.
Жеңүүчүлөрдүн жана атайын дипломдордун ээлеринин тизмеси төмөндөгүдөй:
- 10–13 жаш категориясы үчүн:
1-орун – Павел Зилев, 2-орун – Сулейман Муратов, 3-орун – Насыйкат Баймырзаева. Атайын дипломдор Есения Янкевичке мыкты чыгышы жана сахна образы үчүн, Лиандонг Хаого лирикасы үчүн берилди.
- 14–17 жаш категориясы үчүн:
1-орун – София Рустамова, 2-орун – Эмили-Асиэйдуа Атуахина, 3-орун – Ёкуб Джамшедзода. Атайын диплом Адинай Талайбековага өзүнүн улуттук салттарына болгон сүйүүсү үчүн берилди.
- 18–25 жаш категориясы үчүн:
1-орун – Жинг Рен, 2-орун – Бексултан Усенов, 3-орун – Ангелина Самолётова. Атайын дипломдор: Денис Бакинге лиризм үчүн, Анджелина Рахмановага артисттик үчүн, Хайрулло Муродзодага улуттук салттарды сактоо үчүн, Вероника Гваджаяга патриоттук ырды аткаргандыгы үчүн, Милана Костюченко патриоттук ырдын салттарын уланткандыгы үчүн жана Эъзоза Гафуровага патриоттук аткаруу үчүн берилди.
Бул сыйлоо аземи конкурс программасынын жаркын финалы болуп, бардык катышуучулар үчүн чыныгы майрам болду.
Биринчи Жаштар Дельфий оюндары ШОС таланттуу жаштарды шыктандырып, жаңы аттарды ачып, ар кандай маданияттарды бириктире бермекчи. ```