
Жолугушууда миграция, легализация жана Кыргызстандын жарандарынын Россиядагы медициналык камсыздандыруу маселелери талкууланды.
Москвада Жогорку Кенештин жана Мамлекеттик думанын спикерлери арасында сүйлөшүүлөр болуп өттү, бул тууралуу ЖК аппараты билдирди.
Расмий визиттин алкагында ЖК депутаттарынын делегациясы Россияга барганда Марлен Маматалиевдин Вячеслав Володин менен жолугушуусу болду.
Эки өлкө ортосундагы экономикалык, энергетикалык жана айыл чарба кызматташтыгы маселелерине негизги көңүл бурулду.
Ошондой эле Кыргызстан тараптын демилгеси менен Россияда болгон жарандын укуктарын коргоо, анын ичинде миграциялык статусу, легализация процесс, медициналык камсыздандыруу жана мигрант балдардын билим алуусу темалары күн тартибине кирди.
Сүрөт www