Налогдар, авто, транзакциялар жана жеңилдиктер: өкмөт масштабдуу өзгөртүүлөрдү мыйзамдарга киргизди
Өлкөнүн өкмөтү Жогорку Кеңешке салык, социалдык камсыздандыруу жана салык эмес кирешелерге байланыштуу мыйзам долбоорун жөнөттү. Өзгөртүүлөр негизинен салык эмес кирешелер боюнча Кодекске тиешелүү, анда салык органдарынын функциялары такталат. Алар жер казынасын пайдаланууга лицензиялар, таштанды чыгаруу, жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө каражат бөлүү, ошондой эле алкоголь жана пробирдик жыйымдар боюнча жыйымдарды башкаруу менен алектенишет.