Бишкекте башка айдоочуга ок атуучу курал менен коркуткан эркек кармалды
Бүгүн таңертең Бишкекте, Жибек-Жолу проспектиси менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишинде белгисиз эркек киши башка бир айдоочуга курал менен коркутуу фактылары болду. Андан кийин ал окуя болгон жерден качып кетти. Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынан алынган маалыматка ылайык, бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Хулигандык) боюнча кылмыш иши козголду.