Бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик табият паркынын жаңы канат жолунун салтанаттуу ачылышы өтөт, ага бийлик өкүлдөрү чакырылган. Бул тууралуу Кыргызстандын Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов «Кабар» телеканалынын “Элден собол” берүүсүндө билдирди.
Ал ошондой эле экологиялык коопсуздук талаптарына ылайык, тоонун чокусунда мейманкана жана ресторандарды куруу пландалып жатканын белгиледи.
«Биздин максат – Кыргызстандагы бардык региондорду өнүктүрүү, алар «Ала-Арча» деңгээлине жетүүсү. Караколдо жана Нарын шаарында «Салкын-Тор» долбоору ишке ашырылууда, ал эми «Сары-Челек» заповеднигинде инфраструктураны жакшыртуу жана жолдорду оңдоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө», - деп баса белгиледи Касымов.
