
Украина президенти Владимир Зеленский Киевде түнкү орус чабуулунун кесепеттерин жоюу улантылып жатканын айтып, адамдардын өлүмү үчүн көңүл айтты. Анын айтымында, чабуулдун натыйжасында шаардагы бир нече райондогу көп кабаттуу үйлөр жабыркаган.
«Орусиянын ар бир соккусу — бул кадимки жашоого мүмкүн болушунча көбүрөөк зыян келтирүүгө болгон аракет. Бул жумада жашоочулардын үйлөрүнө, биздин адамдарга, балдарга, жарандык инфраструктурага сокку урулду. Бул орустар үчүн эң негизги максаттар. Түрдүү куралдар менен миңдеген соккулар — бир жумада эле дээрлик 1200 сокку уруучу дрон, 1360тан ашык башкарылуучу авиация бомбасы жана 50дөн ашык ар кандай типтеги ракета Орусия тарабынан Украинага каршы колдонулду», — деп жазды ал социалдык тармактарда.
«Бул соккуларга карабастан, Украина активдүү коргонуп жатты: майданда, асманда, дипломатияда. Орусияга болгон басымдын маанилүү натыйжалары бар — Европалык Союздун 19-санкциялык пакети жана Орусиянын нефтиси боюнча Америка Кошмо Штаттарынын жаңы санкциялары. Биз бул кадамдар үчүн өнөктөштөргө ыраазычылык билдиребиз, бирок токтоп калбашыбыз маанилүү», — деп кошумчалады украин лидери.