АКШнын президенти Дональд Трамп болгон окуя тууралуу маалымат алды. Жергиликтүү укук коргоо органдарына колдоо көрсөтүү жана окуяны иликтөө үчүн федералдык агенттер, анын ичинде ФБР, ишке тартылды.
Кийинчерээк Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги студенттин өлүмү тууралуу маалыматты тастыктады. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ахрор Бурханов ок атышууда Мухаммад-Азиз Умурзоковдун каза болгонун билдирди.

Каза болгон студент.
Бурханов өзүнүн Telegram-каналында Мухаммад-Азиз Умурзоковдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты, кошумчалап: "Браун университетинин аймагында болгон трагедиялык ок атышууга байланыштуу терең көңүл айтабыз" деди.
Министрлик узбек дипломаты каза болгондун жакындары жана тиешелүү америкалык органдар менен байланышта экенин билдирди.