
1-марттан баштап Египеттеги туристтик визанын баасы $25тен $30га көтөрүлөт, деп билдирет Cairo 24.
Өзгөрүүлөр Каир жана Хургада аэропорттору аркылуу келгендерге тиешелүү болот. Шарм-эш-Шейхте эс алып жаткан саякатчылар үчүн 15 күндүк "Синай штампы" акысыз бойдон калат, бирок региондон тышка чыгуу пландалса, виза алуу талап кылынат.
Мурда төлөмдү $45ке көтөрүү маселеси талкууланган, бирок Египет бийликтери бул идеядан баш тартууну чечишти.
Египет ТМД өлкөлөрүнөн, анын ичинде Кыргызстандан келген туристтер үчүн эң популярдуу курорттордун бири болуп калууда.