Жигит Валенсиядагы аэродромго кирип, учактын чатырына чыгып алды
Валенсиядагы "Манисес" аэропортунда инцидент болду: марокколук эркек адам учуу-отуруу тилкесине кирип, Airbus A320 учагынын үстүнө чыгып алды. Натыйжада, испан маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык, Vueling Airlines авиакомпаниясынын Амстердамга болгон рейси эки жарым саатка кечикти. Жергиликтүү бийликтен алынган маалыматка ылайык, бул жаш жигит психикалык оору менен жабыркаган. Ал Граждандык гвардия кызматкерлери тарабынан кармалып, кийинчерээк медициналык жардам алуу үчүн