
Маалыматка ылайык, арктикалык билим берүү программасы алтыдан он эки айга чейин созулат, бул убакыт ичинде жаңы чакырылгандар ар кандай аскердик көндүмдөрдү үйрөнүшөт. Окуу процесси Гренландиянын батыш жээгинде жайгашкан Кангерлуссуак айылында өтөт.
Бул кызмат формасы 18 жашка толгон, медициналык текшерүүдөн жана жазуу тестинен өткөн Гренландиянын жарандарына жеткиликтүү. Программаны аяктаган соң, катышуучулар Даниянын куралдуу күчтөрүндө кызматын улантууга мүмкүнчүлүк алышат.
«Даниянын коргоо министрлиги жана Гренландия өкмөтүнүн биргелешкен аракеттеринин натыйжасында 2026-жылдын жайынан баштап негизги арктикалык билим берүү үчүн кабыл алуу 30дан 50 адамга чейин жогорулатуу чечими кабыл алынды. Бул Гренландиянын жаштарынын коргоо жана даярдык боюнча көндүмдөрдү алуу боюнча жогорку кызыгуусун канааттандырууга мүмкүндүк берет», - деп айтылат дат аскерлеринин пресс-релизинде.
Программа 2024-жылдын майында 22 катышуучу үчүн жеткиликтүү болуп, кийинчерээк квота 30 адамга чейин жогорулатылган.
Гренландия Дат королдугунун бир бөлүгү, бирок АКШнын президенти Дональд Трамп буга чейин бул аралды сатып алуу ниетин билдирген. Бул боюнча Дания жана Гренландиянын бийликтери региондун аймактык бүтүндүгүн урматтоонун маанилүүлүгүн белгилешкен.