МАГАТЭ: Чернобыль АЭСтеги саркофаг дрондун соккусунан кийин коопсуздук функцияларын жоготту
МАГАТЭ тарабынан берилген маалыматка ылайык, саркофаг радиациялык заттардын чыгарылышын чектөө жөндөмүн жоготту. Бирок, адистер белгилегендей, конструкцияларды же мониторинг системаларын бузган оор зыяндар табылган жок. МАГАТЭнин генералдык директору Рафаэль Гросси саркофагдын үстүндө чектелген убактылуу оңдоо жүргүзүлгөнүн белгилеп, бирок келечектеги бузулуунун алдын алуу жана узак мөөнөттүү ядролук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн толук кандуу калыбына келтирүү керек экенин айтты.