Жер титирөөлөр 02:04тө катталды, эпицентри Наманган облусунун Пап районунда. Орнотулган магнитуда 4,5ти түзүп, очоктун тереңдиги 17 километр болду. Эпицентрде титирөөлөрдүн күчү 5 баллга жетти.
Эпицентр Өзбекстандын борбору Ташкенттен 135 километр түштүк-чыгышта жайгашкан.
Жер титирөөлөрүнүн интенсивдүүлүгү Өзбекстандын ар кайсы аймактарында төмөнкүчө болду:
- Наманган облусу: 3 балл, 77 км;
- Фергана облусу: 2-3 балл, 104 км;
- Андижан облусу: 2 балл, 129 км;
- Ташкент: 2 балл, 135 км;
- Сырдарья облусу: 2 балл, 173 км.
Ошондой эле титирөөлөр Казакстандын түштүк аймактарында да сезилди.
Казак сейсмологдорунун маалыматы боюнча, Тараз жана Шымкент шаарларында сезилген титирөөлөрдүн күчү 2 баллды түздү. Жаракат алган же кыйраган тууралуу маалыматтар келген жок, аймактагы абал туруктуу бойдон калууда. Эпицентр Өзбекстан аймагында, Алматыдан 565 километр түштүк-батышта жайгашкан.