Жергиликтүү тургундар түнкү жана эртең мененки убакта жер титирөөлөрдү сезишти
28-октябрда, тактап айтканда, 02:05те 3,5 магнитудасы менен жер титирөө катталды. Эпицентри Кашка-Суу айылынан 18 км жана Кара-Кабактан 19 км алыстыкта жайгашкан. Жер титирөөлөр Кашка-Суу, Кара-Кабак, Кабык, Сары-Могол, Дароот-Коргон жана Талды-Суу сыяктуу айылдарда 3 баллга чейин сезилди.
Кайрадан жер титирөө 06:25те ошол эле аймакта болду, анын магнитудасы 3,0 болду. Эпицентри Кашка-Суу айылынан 15 км жана Кара-Кабактан 18 км алыстыкта жайгашкан. Кашка-Суу айылында 2,5 балл күчүндөгү титирөөлөр сезилди.

Фото www
