Жардам муктаж үй-бүлөлөргө берилет
Гуманитардык жардамдын жеткирилиши тууралуу Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилиги маалымдады. 27-октябрда өткөн иш-чаранын алкагында 121,440 тонна күн карама майы тапшырылды.
Иш-чарада БУУнун Азык-түлүк программасынын өкүлдөрү жана Оштогу Россиянын Генконсулдугунун өкүлдөрү катышты.
Продукттарды берүү БУУнун Азык-түлүк программасы жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан муктаж үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү үчүн уюштурулат.
Элчиликтен белгилешкендей, акыркы 15 жылдын ичинде Россия жана БУУнун Азык-түлүк программасы Кыргызстанды ар кандай деңгээлде — чукул жардамдан жана калыбына келтирүүдөн тартып өнүктүрүүгө чейин колдоп келет, анын ичинде Мектеп тамактануу боюнча Улуттук программа сыяктуу демилгелерди да камтыйт.
Сүрөт Россиянын элчилиги КРда
