
11-ноябрдын түнүндө Жалал-Абад облусунда 4,5 магнитудасы бар жер титирөө болду. Сейсмология институту тарабынан берилген маалыматка ылайык, жер титирөөнүн эпицентри Ала-Бука районунда жайгашкан жана 23:32 чамасында катталган. Кара-Ункур жана Баймак айылдарында тербелүүлөр 4 баллга жеткен, ал эми Кербен шаарында 3 балл күчүндөгү титирөөлөр сезилген.
Кудайга шүгүр, бул жер титирөөдөн жабыркагандар же кыйроо учурлары катталган жок.