
Балдардын нааразычылыгы
Россияда популярдуу Roblox платформасы терроризмди жайылтуу жана ЛГБТны пропагандалоо шектелгендиктен блоктолду.
Түркиянын «Анадолу» агенттигинин маалыматына ылайык, Байланыш, маалымат технологиялары жана массалык коммуникациялар боюнча федералдык кызмат (Роскомнадзор) Robloxка кирүү маселелери боюнча расмий билдирүү жарыялады.
Бул документте оюнга кирүү «экстремисттик идеологияларды, террордук аракеттерди жана ЛГБТны пропагандалоо» себептери менен чектелгендиги көрсөтүлгөн. Роскомнадзор ошондой эле ылайыктуу эмес контенттин көптүгүн жана балдарга карата сексуалдык куугунтуктоо учурларын белгилейт.
Roblox күн сайын болжол менен 110 миллион колдонуучуну тартат, алардын 20% 9 жашка чейинки балдар, ал эми оюнчулардын көбү 16 жашка чейинки өспүрүмдөр.
Сүрөт www