
Жыт кечки жана түнкү сааттарда өзгөчө күчөйт
Кара-Балта жана анын айланасындагы айылдардын тургундары жергиликтүү мунай заводунан чыккан жытка даттанышты. Бул тууралуу «Vesti.KB» порталы билдирет.
Ушул үч күндүн ичинде жаман жыт сезилип жатат, анын күчү кечки убакта жана күн батканда көбөйөт.
Жергиликтүү тургундар экологиялык кызматтарга жана тиешелүү органдарга кайрылып, иликтөө жүргүзүп, жаман жыттын булагын аныктап, кырдаалды жакшыртуу үчүн чара көрүүнү суранышууда.
Сүрөт www