
Грузиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, окуя Сигнахи муниципалитетинин аймагында, чек арадан болжол менен беш чакырым алыстыкта болгон. Учакта экипаж мүчөлөрүн кошкондо 20 адам болгон, деп билдирет «Анадолу» агенттиги.
Издөө-куткаруу операциялары үч мамлекеттин бийликтери тарабынан биргеликте уюштурулган.
Окуянын кесепеттери жана себептери боюнча азырынча маалымат жок.