
Текшерүү иштери жергиликтүү бюджет үчүн негизсиз финансылык жүк жараткан мыйзам бузууларды аныктоого багытталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө Чингиз Айтматовдун атындагы паркты көрктөндүрүү үчүн жарык берүүчү опорлорду сатып алууга байланыштуу көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталды.

Текшерүү «Бишкексвет» кызматкерлери подрядчик менен келишип, шаар үчүн пайдасыз келишимге кол койгонун аныктады, бул болсо чоң суммадагы акчалардын уурдалышына алып келди.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 339-беренеси («Пайдасыз келишим түзүү») боюнча кылмыш иши козголду.
5-декабрда «Бишкексвет» МПнын директору Т.Э.Т., башкы инженер И.Э.И. жана «Т.С.» ОсООнун директору Н.Р.А.га айып коюлду. Үчөө тең кармалып, ГКНБнын убактылуу кармоо жайына жөнөтүлдү.

