
Бишкекте $160 миң алдамчылыкка шектелген адам кармалды.
Бул окуя боюнча Октябрь районунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 209-беренеси "Алдамчылык" боюнча кылмыш ишин баштады.
Шектүү А. А., 1999-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин нормаларына ылайык кармалып, Бишкек Шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Учурда кылмыш ишинин тергөөсү уланууда.