

Жол кырсыктарына алып келген негизги факторлор катары: ылдамдыкты ашыруу, туура эмес маневрлер, обгон учурунда каршы тилкеге чыгуу, унааны алкоголдук мас абалда башкаруу, ошондой эле кесилиштердеги жана жол белгилериндеги эрежелерди сактабоо, аралыкты эске албоо аталат.
Ведомстводо өткөн оперативдүү жыйындын жүрүшүндө учурдагы иштеги кемчиликтер талкууланды. Иш-чараларды пландаштырууда жаңы ыкмаларды жаңыртуу, эски пландарды кайталабоо жана заманбап талаптарга ылайыкташуу маанилүү экендиги белгиленди.
«Жол кыймылынын инспекторлору коомчулуктун тынымсыз көзөмөлүндө, ошондуктан кызмат көрсөтүүнүн сапатына жана кызматтык ишмердүүлүктү жакшыртууга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүнү жөнгө салууга жана санариптештирүүгө көңүл бурууну тапшырды», — деп айтылат маалыматта.