Маалыматтарга ылайык, 2023-жылдын 3-январында 65 жаштагы Ш. Л. аттуу аял ички иштер органдарына кайрылган. Ал уулу, 1978-жылы туулган Ш. А., алкогольдук мас абалда болуп, ага физикалык жана психологиялык басым жасап келгенин билдирген.

Аялдын кайрылуусунун натыйжасында, ага соттук-медициналык экспертиза дайындалды, ал Ш. Л. жеңил жаракат алганын, ден соолугунун кыска мөөнөттүү бузулушун аныктады.
Жыйналган материалдардын негизинде "Азаптоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө шектүү Ш. А. кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды. Иштин тергөөсү уланууда.