
Соттук-лингвистикалык кызмат тарабынан жүргүзүлгөн экспертиза шектүүнүн баракчасында өлкөдө тыюу салынган экстремисттик жана террордук ишмердүүлүккө байланыштуу публикациялардын бар экенин тастыктады.
ИИМдин сүрөтү
Жыйналган маалыматтар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси боюнча экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу боюнча кылмыш иши козголду. Оперативдик иш-чаралардын натыйжасында 22 жаштагы Р.Х. уулу кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Тергөө уланууда, укук коргоо органдары мүмкүн болгон шериктерди жана бул иш боюнча башка деталдарды аныктоодо.