
Ал ден соолукка оор зыян келтирүүдө айыпталууда
Кыргызстандын борбору Бишкекте Интерпол тарабынан издөөгө алынган чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Коомдук коопсуздук органдарынын маалыматына ылайык, 1979-жылы туулган Г.Д. аттуу жаранды кармоо быйылкы жылдын башында болгон. Ал ден соолукка оор зыян келтирүү менен байланышкан кылмышка жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө шектелүүдө.
Кармалгандан кийин шектүү Бишкектин Первомай районунун ички иштер бөлүмүнө жеткирилди.
Сүрөт www