2026-жылдын 22-январында Жайыл районунун Ички иштер бөлүмүнө Панфилов районунун тургуну кайрылды. Ал 2025-жылдын ноябрь айында шаардагы лицейлердин биринде иштеген И. Р. аттуу адам, укук алуу үчүн курстарды өткөндүгү тууралуу маалыматты электрондук системага киргизүү шарты менен 30 600 сом акчасын алдап алганын билдирди. Убада кылынган кызматтарды алалган жок, акчасы да кайтарылган жок.

Кара-Балтада айдоочулук укуктар боюнча алдамчылыкка шектелген эркек кармалды.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 209-беренеси "Алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголду.
Оперативдүү-издөө иш-чараларынын натыйжасында милиция шектүү, мурда соттолгон И. Р., 1966-жылы туулган, экенин аныктап, кармады. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Тергөө уланууда.