
Токмокто "элдик дарылоочу" болуп жүргөн аял кармалды жана ал алдамчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Коомдук коопсуздук органдарынын маалыматы боюнча, Instagram социалдык тармагында Токмоктун бир микрорайонунда жашаган М.Э. аттуу аял адамдардан "кыргыз улуттук стилде дарылоо" сунуштап, акча чогултуп, ошондой эле алардын атынан кредиттерди алып, алынган каражаттарды өзүнө ыйгарып жаткандыгы тууралуу маалымат пайда болгон.
Текшерүүнүн натыйжасында, 1984-жылы туулган М.Э. чын эле жергиликтүү тургундарды алдап, алардан акча алып жаткандыгы аныкталды.
Токмок шаардык ИИБине Н.Ж. аттуу жаран кайрылып, 2024-жылдын февралынан октябрына чейин М.Э. анын 1,5 миллион сом акчасын ишенимин пайдаланып алганын айтып берди.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча кылмыш иши козголду.
Шектүү Кыргыз Республикасынын Кылмыш процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды. Сот тарабынан ага камакка алуу чарасы тандалды.
Н.Ж.дан тышкары, милицияга ушундай эле арыздар менен дагы эки жаран кайрылды. Текшерүү иштери уланууда.
Чүй облусунун ИИБи бул аялдын аракеттеринин курмандыгы болгон бардык жарандарды Токмок шаардык ИИБине кайрылууга же төмөнкү телефон номерлери боюнча байланышууга чакырат: (0312) 60-73-63, (0701) 15-35-12.