
Москва районунда, ички иштер бөлүмүнө А.К. аттуу жаран кайрылды, ал инкассатор болуп иштейт. Ал 2025-жылдын 18-октябрында таңкы 4:30 чамасында Ак-Суй айлампасынан, Петровка айылындагы газ станциясынын жанынан болгон окуя тууралуу маалымат берди. Белгисиз адамдар, азиялыктарга окшош, беткап кийип, ага бетине перцовый газ чачып, эки сумкасын тартып алып, кылмыш болгон жерден качып кетишти. Маалыматты Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы берди.
Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 207-беренеси (Уурулук) боюнча кылмыш иши катталды.
Оперативдүү-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө укук коргоо органдары бул кылмышка шектүүлөрдү аныктап, кармоого жетишти. Алардын арасында: С.Т. (1988-жылы туулган), И.Н. (1987-жылы туулган), У.М. (2000-жылы туулган) жана Д.Ш. (2002-жылы туулган) бар.
Кармалгандар убактылуу кармоо жайына жайгаштырылып, сот тарабынан камакка алуу чарасы тандалды.




Бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.