
Чүй облусунда Аламудун районунда жайгашкан Таш-Добо айылында жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу КРнын ГКНБнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, Таш-Добон айыл өкмөтүнүн мурдагы кызматкерлеринен турган топ, сүйлөшүп алып, «Сейил» аймагында жайгашкан 1,01 га жер тилкесин Р.Э.Р. аттуу жаранга мыйзамсыз өткөрүп берген.

Бул фактылар негизинде КРнын Кылмыш кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык кылмыш иши козголду, натыйжада Н.А.К. кармалды.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-оперативдик иш-аракеттер улантылууда.