Окуя болгон жерде тергөө-оперативдик топ маркумдун башы, жүзү жана моюнунда жаракаттар бар экенин аныктады. Аял кармалган эркек менен анын балдары менен ушул үйдө жашаган.

Аялды өлтүрүүгө шектүү Москва районунда кармалды.
Алдын ала териштирүү көрсөткөндөй, трагедиядан мурун алардын ортосунда алкоголдук ичимдиктерди ичип жатканда чыккан конфликт болгон. Уруш учурунда эркек аялга өлүмгө алып келген жаракаттарды берген.
Муну менен байланыштуу "Киши өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 1982-жылы төрөлгөн шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Учурда зарыл экспертизалар жүргүзүлүүдө жана териштирүү улантылууда.