Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкекте 1971-жылы туулган С. Л. аттуу жаран кармалды. Ал Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан уюшкан кылмыштуу топту түзүү, алдамчылык жана ири уурдоо үчүн издөөдө. Жалпы зыян 183,6 миллион теңгени (32,6 миллион сом) түзөт.
Чолпон-Атада дагы бир чет элдик жаран, 1980-жылы туулган Д. К. кармалды. Ал да ири алдамчылык үчүн издөөдө. Ал Кыргызстан жарандыгынын паспортуна башка ат менен катталып, 8 346 000 рубль (9,3 миллион сом) зыян келтирген.
Ички иштер министрлиги: паспортту алуу мыйзамдуулугу учурда тиешелүү органдар тарабынан текшерилип жатканын баса белгилейт.Мындан тышкары, Бишкекте 1986-жылы туулган О. Ч. кармалды. Ал Түркиянын укук коргоо органдары тарабынан алдамчылык, курал колдонуу менен коркутуу жана ден соолукка зыян келтирүү боюнча эл аралык издөөдө.