
Кармалгандар алдамчылык жана кылмыштуу топту уюштуруу боюнча шектелүүдө
Кыргызстанда өткөрүлгөн оперативдүү-издөө иш-чараларынын натыйжасында Интерпол линиясы боюнча эл аралык издөөдө болгон үч адам кармалганын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Атап айтканда, Бишкекте 1971-жылы төрөлгөн Л.С.В. кармалды. Ал Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан уюшкан кылмыштуу топту түзүү, алдамчылык жана ири өлчөмдөгү уурдоолор үчүн издөөдө жүргөн. Жалпы келтирилген зыяндын суммасы 183 600 000 теңге.
Ысык-Көл облусунда жайгашкан Чолпон-Ата шаарында 1980-жылы төрөлгөн К.Д.М. кармалды. Ал да ири өлчөмдөгү алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн.
Тергөө жүргүзгөндөр бул жаран Кыргызстанда башка ат менен берилген паспортту колдонгонун аныкташты. Учурда компетенттүү органдар бул документтин мыйзамдуулугун текшерүүдө. Анын аракеттери менен келтирилген зыян 8 346 000 рубльди түзөт.
Мындан тышкары, Бишкекте 1986-жылы төрөлгөн О.Ч. кармалды. Ал Түркия полициясынын суранычы боюнча алдамчылык, курал колдонуу менен коркутуу жана дене жаракаттарын келтирүү боюнча эл аралык издөөдө жүргөн.
Оперативдүү иш-аракеттер эл аралык укук коргоо органдары менен кызматташтыкта жүргүзүлдү.