Ведомствонун маалыматына ылайык, кармалган адам Сузак районунун масулу (жетекчиси) болуп, Кыргызстандын ичинде жана чет өлкөлөрдө "Хизб ут-Тахрира" уюмунун негизги фигуралары менен байланыштарды сактоодо шектелүүдө. Ошондой эле, ага экстремисттик идеологияны көп жылдан бери пропагандалоо, жаңы жактоочуларды тартуу, экстремисттик идеяларды камтыган материалдарды таратуу жана уюмдун мүчөлөрүнөн алардын ишмердүүлүгүн каржылоого акча чогултуу айыптары коюлууда.

УКМКнын КР басма сөз кызматынын сүрөтү.
Учурда шектүү УКМКнын тергөө абагына жайгаштырылып, тергөө иштери улантылууда.