
Шектүү убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды
18-мартта Октябрь районунун Ички иштер башкармалыгы пресс-кызматы Бишкекте алдамчылык кылууга шектелген адамдын кармалышы тууралуу маалымдады.
Милициянын маалыматына ылайык, жабырлануучу кезектеги бөлүмгө арыз менен кайрылган. Ал 29 «Тойота Камри» жана 24 «Чанган» унаасы үчүн 1 миллион 87 миң 750 доллар төлөгөнүн, бирок алданганын билдирген.
Иш Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 209-беренеси боюнча катталган.
Оперативдүү иш-чаралардын натыйжасында 29 жаштагы В.С. аттуу шектүү кармалды. Ал убактылуу кармоо жайында жатат.
Тергөө органдары кармалган адамдын башка кылмыштарга да катышы болушу мүмкүн экенин болжолдоодо. Ошондуктан укук коргоо органдары анын аракеттеринен жабыркагандарды же кандайдыр бир маалыматка ээ болгондорду 0 (999) 10-27-07, 0 (706) 30-30-13 же 102 номерлери аркылуу байланышууга чакырышат.
сүрөт www