
Укук коргоо органдары жарандарды "куралдуу күчтөрдүн" акча которуу боюнча өтүнүчтөрүнө көңүл бурууга чакырууда
Бишкекте 22 миллион сомдон ашуун акча уурдоого шектелген эки адам кармалды. Бул тууралуу ГУВДнын маалымат кызматынан маалымдалды.
Берилген маалыматтарга ылайык, 2025-жылдын 22-декабрында Свердлов райондук ИИМге Ч. Г. аттуу шаар тургуну кайрылып, белгисиз адамдар ГКНБ, ИИМ жана Улуттук банк кызматкерлери катары өздөрүн тааныштырганын, аны алдап, чоң суммадагы акчага ээ болгонун билдирген.
Алдамчылар аялды банкомат аркылуу 22 млн 130 миң сомду банк картасына которууга көндүрүшкөн.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 209-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
ГУВДнын УУР кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүүлөрдүн жеке жактары жана жайгашкан жери аныкталды: бул Т. Ж. (2002-ж.т.) жана К. Э. (2006-ж.т.). Алар Тергөө кызматына жеткирилди жана убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Учурда кылмышка катышкан башка адамдарды аныктоо, ошондой эле далилдерди чогултуу жана иштин бардык жагдайларын тактоо боюнча кошумча иш-чаралар улантылууда.
ГУВД жарандарга этият болууну катуу сунуштайт. Мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери банк карталарына акча которууну талап кылбайт жана телефон аркылуу жеке маалыматтарды сурабайт.
Эгер сиз ушундай алдамчылыктын курмандыгы болсоңуз же тергөөдө жардам бере турган маалыматка ээ болсоңуз, дароо жашаган жериңиз боюнча ички иштер органдарына же 102 телефонуна кайрылыңыз.
Сүрөт www