
Ул бала үч күн мурун жоголгон
Бишкектин Свердлов районунда укук коргоо органдары жоголгон жаш өспүрүмдү издөө иштерин жүргүзүүдө, деп билдирет жергиликтүү ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы.
Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 6-апрелинде Н.Г. уулун издөөгө жардам сурап, ички иштер башкармалыгына кайрылган. 14 жаштагы Нурланов Санжар Сапарович 4-апрелде саат 18:00 чамасында Шабдан Баатыра көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен.
Бул окуя Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын окуялар журналына катталган.
Ул баланын белгилери: бойу болжол менен 165-170 см, кыска кара чач.
Жоголгондо ал кара көк футболка, сары шым жана ак бут кийим кийип турган.
Жоголгон өспүрүмдүн жайгашкан жери тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ жарандар +996 (500) 100-796 жана 102 номерлери аркылуу билдиришсе болот.
сүрөт www