Ведомствонун маалыматына ылайык, Аламудун райондук сотунун судьясы, Ш. Б. Ж. деген ат менен белгилүү, кызмат абалынан пайдаланып, эркинен ажыратпаган чечим чыгарууга жардам берүүгө кепилдик берген. Ал үчүн Т. М. Т. аттуу жарандан $26 миң суммада акча алган. Бирок, сот чечимине таасир этүүгө жетише алган эмес.
Күч структуралары судьяны алган акчанын бир бөлүгүн (85 миң сом) кайтарып жаткан учурда кармашты. 3-апрелде КР Судьялар кеңешинин судья Ш. Б. Ж.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугу алынды. 6-апрелде ал камакка алынып, КР ГКНБнын СИЗОсуна жайгаштырылды.

КР ГКНБнын маалымат кызматынын сүрөтү.
Текшерүү уланууда.