Берилген маалыматка ылайык, Чүй облустук сотунун улук катчысы А.Ж.Б. аттуу жаран Т.М.Т.га соттун эркинен ажыратпаган чечимин чыгарууга жардам берүү үчүн кызмат абалын пайдаланып, $26 миң алган.





«Анткен менен, ал Т.М.Т.нын пайдасына маселени чечүүгө жетишкен жок. Оперативдик-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ГКНБнын кызматкерлери А.Ж.Б.ны кармап, ал мурда алган акчасынын бир бөлүгүн — 651 миң сом жана $2800 кайтарып жатканда кармалды. Ал ГКНБнын СИЗОсуна жайгаштырылды. Ошондой эле К.А.А. аттуу жаран жана Аламедин райондук сотунун судьясы Ж.Ш.Б.нын бул ишке катыштыгы аныкталды, ал 85 миң сом кайтарып жатканда кармалды», — деп айтылат маалыматта.