Кызыл-Кыйда «Притон» операциясынын алкагында эки шектүү кармалды
Аларды мыйзамсыз наркотик соодасы менен алектенгендиги үчүн шектешет. 2-марттан 7-мартка чейин Баткен облусунун аймагында атайын операция өткөрүлүп, гашиш таратуучу кылмыштуу топтун иши токтотулду. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымат берди. «Притон» операциясынын натыйжасында Кызыл-Кыя шаарында 21 жаштагы А.Б. жана 22 жаштагы Д.А. аттуу жергиликтүү тургундар кармалды. Аларга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин наркотикалык жана