Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине ылайык, шайлоодон катышуудан баш тарткан төмөнкү талапкерлер:
- Зиядин Жамалдинов — № 3 округ;
- Акай Кыдыров — № 19 округ;
- Чынгыз Түмөнов — № 3 округ;
- Зулкайнар Каюмов — № 24 округ;
- Борончу Кудайбергенов — № 29 округ.
Келе жаткан Жогорку Кенеш депутаттарын шайлоо жаңыланган система боюнча өтөрүн эске салабыз. Мамлекет 30 көпмандаттуу округга бөлүнөт, жана ар бир округдан үч депутат шайланат. Ар бир үчтүккө бир аял киргизилиши керек, бул гендердик тең салмактуулукту камсыз кылат. Добуш берүү 30-ноябрда өтөт.