
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кенештин көп мандаттуу округдарында шайлоого катышуучу 14 талапкерди каттоодон өткөрүү чечимин кабыл алды.
Катталган талапкерлердин тизмеси төмөнкүдөй:
- Улукбек Камчибекович Узакбаев — округ №17;
- Марат Молдонович Мураталиев — округ №16;
- Кундузбек Кошалиевич Сулайманов — округ №14;
- Бекмурза Абдулазизович Бердибеков — округ №3;
- Жанарбек Кубанычович Акаев — округ №8;
- Бахтияр Таласович Бообеков — округ №17;
- Джайлообай Данибаевич Нышанов — округ №15;
- Аскарбек Бактыбекович Куручбеков — округ №29;
- Санжарбек Арзыкулович Энназаров — округ №12;
- Нуркыз Кадырбек кызы — округ №10;
- Мавлюда Калмаматовна Калбердиева — округ №11;
- Винера Калыбековна Раимбачаева — округ №19;
- Эльмир Акуналыевич Досалиев — округ №22;
- Сайрагүл Садыковна Дуулатова — округ №1.
БШКнын билдирүүсүнө ылайык, документтерди кабыл алуу жана текшерүү менен алектенген жумушчу топ, Жогорку Кенештин шайлоосуна талапкерлер үчүн сунушталган документтердин мыйзам талаптарына жооп берерин тастыктады.
Ошондуктан, бул талапкерлерди каттоону сунуш кылышты. Каттоо процессинин аяктагандан кийин, ар бирине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилет.