
Айдоочу бир жылга укугунан ажыратылат
«Ак-Тилек» өткөрмө пунктунда жол милициясынын кызматкерлери FAW маркасындагы жүк ташуучу унаанын айдоочусун мас абалында каршы тилкеге чыгып кеткендиги үчүн токтотушту.
ГУОБДДнын маалыматына ылайык, кармоо 28-октябрда саат 18:40 чамасында кыргыз-казак чек арасында болгон. Айдоочу контролдук пункттан өтүү эрежелерин бузган.
Текшерүү учурунда ал алкоголдун таасиринде болгондугу аныкталды. Бузуучу боюнча тиешелүү протоколдор түзүлүп, анын транспорт каражаты айыппул токтотуучу жайга жөнөтүлдү.
Сот айдоочуну транспорт каражаттарын башкаруу укугунан бир жылга ажыратуу чечимин чыгарды.