Бул маалыматты «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» акционердик коомунун өкүлү Исабек Орозбаев билдирди.
Орозбаевдын белгилөөсү боюнча, чектөөсүз тарифке туташуу үчүн жергиликтүү же райондук электр тармактарынын ишканасына кайрылуу керек. «Заявка берилгенден кийин абонент жаңы тарифке туташып, бир-эки күндүн ичинде кубаттын чектөөсү көбөйтүлөт», — деп кошумчалады ал.
Учурдагы тарифтер төмөнкүчө:
- чектөөсүз тарифте бир киловатт-сааттын баасы 3,81 сом;
 - 700 киловатт-саатка чейин колдонгондор үчүн тариф 1,37 сом;
 - 700 киловатт-сааттан ашкан учурда баа — 2,6 сом.
 
Мурда НЭСК электр энергиясын колдонуу боюнча эртең менен жана кечинде жүктөмдүн чектөөлөрүн 5тен 3 киловаттка чейин киргизери тууралуу маалымдалган.