
Электр энергиясын өндүрүү боюнча маалыматтар жарыяланды
Иш-чаранын жүрүшүндө республикадагы электр энергиясын керектөө жана өндүрүү боюнча маалыматтар айтылды.
Министрликтин маалыматына ылайык, көрсөтүлгөн мезгилде өлкөдөгү жалпы электр энергиясын керектөө 13,8 млрд кВт⋅ч түзгөн, ал эми өзүнүн өндүрүшү 11,3 млрд кВт⋅ч жеткен.
Электр энергиясын өндүрүүнүн структурасы төмөнкүдөй:
- Чоң гидроэлектр станциялары — 9,7 млрд кВт⋅ч;
- Кичи гидроэлектр станциялары — 0,18 млрд кВт⋅ч;
- Мини-ГЭС — 0,16 млрд кВт⋅ч;
- Жылуулук электр станциялары — 1,3 млрд кВт⋅ч;
- Күн электр станциялары — 0,7 млн кВт⋅ч.
Мындан тышкары, ички суроо-талапты канааттандыру үчүн коңшу өлкөлөрдөн 2,7 млрд кВт⋅ч электр энергиясы импорттолгон.
Сүрөт www