
Берилген маалыматка ылайык, «Ай-Кол» жашоо массивинде суу 10:00дөн 16:00гө чейин өчүрүлөт. Бул мезгилде тургундар, ошондой эле мектептер, бала бакчалар, медициналык борборлор жана социалдык инфраструктура объектилери суусуз калат.
Мэриянын сүрөтү. «Ай-Кол» жашоо массивинде алты саат суу өчүрүлөт
Сууну өчүрүүнүн себеби Лебединовкадагы «Түндүк» суу алуу жайында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүү болуп саналат.
«Бишкекводоканал» жарандарды жана уюмдарды ичүүчү суу менен алдын ала камсыз болууга чакырып, мүмкүн болгон ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.