
Жылуулук тармагында оңдоп-түзөө иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу борбордун бир нече райондорунда убактылуу жылуулук өчүрүлөт.
4-ноябрдын 20:00 саатынан 6-ноябрдын 16:00 саатына чейин төмөнкү даректерде жылуулук өчүрүлөт:
- Учкун микрорайону: № 8, 8/1, 8/2, 9, 11, 12, 14, 15, 16, 18, 19, 20, 21, 22, 24а, 24б, 33;
- Казан Булак көчөсү, № 10;
- Үч Тулга көчөсү, № 15.
Ошондой эле 4-ноябрдын 13:00 саатынан 9-ноябрдын 16:00 саатына чейин төмөнкү даректерде жылуулук өчүрүлөт:
- Суюмбаева көчөсү, № 2;
- Герцена көчөсү, № 1, 6.
4-ноябрдан 6-ноябрга чейин жылуулук дагы төмөнкү даректе өчүрүлөт:
- Чүй проспекти, № 115, 117, 119.
Жылуулук системасын туташтырган учурда техникалык көйгөйлөр жана тармактарда агып кетүүлөр болушу мүмкүн.
«Бишкектеплосеть» коммуналдык ишканасы шаар тургундарын убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.