
Кыргызстандык спортчу Чжанга Нью-Йорктогу турнирде жеңишке жетти
Нью-Йорктогу UFC 322 турниринин алкагында Валентина Шевченко Вэйли Чжанга каршы жеңишке жетип, UFC чемпиондук титулун коргоп калды.
Эки спортчунун беттеши кеченин негизги окуясы болуп, беш раундду толук өткөрдү жана Шевченко жеңишке жетти.
Бул жеңиш 37 жаштагы кыргызстандык үчүн үчүнчү жолу подряд болду. Мындан тышкары, ал бразилиялык Аманда Нуньес менен UFC титулдук беттештердеги жеңиштеринин саны боюнча теңдешти, 11 жеңишке жетти. Бул жетишкендиктин жардамы менен Шевченко аялдар арасында 57 кг салмак категориясында чемпиондук титулун сактап калды.
Беттеш аяктагандан кийин Валентина жеңишин машыктыруучусу Павел Федотовго арнаганын белгиледи.
Сүрөт www