
Пансионат 1-ноябрда ишин баштады, учурда анда 15 орун бар. Ремонттук иштер аяктагандан кийин, мекеме бир убакта 30дан 50гө чейин адамды кабыл ала алат.

Учурда аба ырайы жетишерлик жылуу болуп, муктаж адамдардын саны аз болсо да, суук түшкөндө алардын саны кыйла көбөйөт деп күтүлүүдө.
Жаңы пансионаттын дареги: Атабаев көчөсү, 3а.