Бул чаралар ОДКБнын Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясын өткөрүү менен байланыштуу.
Чектөөлөр төмөнкү участкаларга тиешелүү болот:
- халыкаралык «Манас» аэропортунан борбордун чек арасына чейин бараткан шоссе;
- Фучик көчөсү, Бишкектин чек арасынан Чүй проспектине чейин;
- Чүй проспекти, Фучик көчөсүнөн чыгышка карай Манас проспектине чейин;
- Манас проспекти (Чингиз Айтматов), түштүккө карай «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейин;
- Абдрахманов, Ибраимов жана Михаил Фрунзе көчөлөрүнүн кээ бир участктары.
Транспорттук системага жүктөмдү азайтуу үчүн билим берүү мекемелери, анын ичинде мектептер жана университеттер, убактылуу алыстан окутууга өтөт.