Программадан өкүлдөр белгилешти: «Биздин команда Аксай үчүн бардык керектүү документтерди даярдоого, вакцинация жүргүзүүгө жана паспорт алууга жардам берди. Эми ал Францияда, сүйүүчү үй-бүлөнүн арасында жаңы жашоосун баштайт».
Программанын негизги максаты Кантта бездом иттердин санын гумандуу башкаруу, ошондой эле адамдардын ден соолугуна коркунучтарды азайтуу максатында жаныбарларды вакцинациялоо жана ветеринардык жардам менен камсыздоо болуп саналат. Бул долбоордун ишке ашырылышы тууралуу мурда 24.kg басылмасы маалымдаган.